Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандын мыкты экспорттоочусу – 2018» сынагына кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 441 | 0

Өкмөт жана Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги «Кыргызстандын мыкты экспорттоочусу – 2018» улуттук сынагына катышууга экспорттоочуларды чакырат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сынактын маанилүү милдеттери Кыргызстандын мыкты экспорттоочу компанияларын аныктоо, чет жакта Кыргызстандан тандалган экспорттук компаниялар тууралуу маалыматын жогорулатуу, «Best Exporter of the Kyrgyz Republic» эн белгисин таануу аркылуу ата мекендик өндүрүмдөрдү жайылтууну камсыздоо болуп саналат.

Катышууга Кыргызстанда катталган бардык экспорттоочулар чакырылат. Ошондой эле документтер 15-апрель саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, сынак Кыргызстандагы АКШ Эл аралык өнүктүрүү (USAID) агенттигинин техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM