Биз менен байланышыңыз

«Жумамүдүн Шералиев алгачкы обонун 12 жашында жазган»

КР Президентинин «Ардак грамотасынын» сыйлануучусу, Эл агартуунун отличниги, Маданияттын мыкты кызматкери, Жумамүдүн Шералиев атындагы фонддун жетекчиси Нарынкүл Шералиева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, «Кыргыз руху» фольклордук тобунун ырчысы Гүлназ Бекбоосун кызы жана КР эмгек сиңирген артисти, ырчы Токтобек Асаналиев «Марал» радиосунун «Мезгил жана ырлар» программасында конокто болушуп, Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар композитор, 600дөн ашык обондун автору Жумамүдүн Шералиев тууралуу эскеришип, ырларын комуздун коштоосунда аткарып беришти. Залкардын кызы Нарынкүл Шералиеванын атасы тууралуу эскерүүсүн окурман журтуна да жарыялап коюуну туура таптык. 

Чоң апам он алтыны төрөп, он төртүн жерге бериптир. Атабыз Жумамүдүн төрөлгөндө, атайын ырымдап, кулагын көзөп сөйкө салып, кызча кийинтип баккан экен. Ортодон дагы балдары токтобой жүрүп, он эки жылдан кийин дагы бир бир кызы төрөлөт. Ал эжебизди эркекче кийинтип багыптыр.

Чоң атабыз комуз чапкан киши болгон. Атам бала кезинде чоң атам чаап берген комузга орустардын ырын салып, чертип жүрчү экен. Музыка дүйнөсүнө ушинтип аралашыптыр. «Алгач 12 жашымда “Секетбай” ырын жазгам», — калчу. Көзү тирүүсүндө радиодон айрым ырларын обону элдики деп берип ийишчү. Кең пейилдигине салып, унчукчу деле эмес.

Учурда Кыргыз радиосунун Алтын казынасында 280дей ыры сакталып турат. Нотага түшүрүп, кагазга сактап койгон ырларын кошо эсептегенде 600гө чамалап барат. Айрым обондорун белекке берип ийген учурлары да болуптур. Бул тууралуу ошол белекке алган обончулар өздөрү ыраазы болуп айтып жүрүшөт.

Эми кийинки өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу айтсам, жакында эле көптөн бери кыялданып жүргөн «Жумамүдүн Шералиев сүрөтчүлөрдүн көз карашы менен» аттуу сынак өткөрдүк. Жумамүдүн Шералиевдин обондорун аткаруучулардын сынак фестивалын өткөрдүк. Борборубуздагы №6 мектепке атабыздын атын беришти. Ошол эле мектептин ичине атамдын музейин ачышты. Мындан тышкары, Ат-Башы районундагы бир мектеп, Нарын шаарындагы бир мектеп атабыздын атын алып жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM