Биз менен байланышыңыз

КСДПны кимдер негиздеген?

Кыска кабар | 3 Апр 2019 | 895 | 0

Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократтар партиясынын негиздөөчүлөрүнүн алтынчы сабында турат. Бул тууралуу «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын төрагасы Сагынбек Абдрахманов курултай учурунда айтты.

Анын маалыматы боюнча, партияны негиздөөчүлөрдүн катарында эң биринчи Абдыганы Эркебаев, Жумабек Ибраимов, Абдыжапар Тагаев, Анатолий Малышев, Акылбек Жапаров жана Алмазбек Атамбаев турат.

Ушул тапта Бишкекте «КСДП Атамбаевсиз» кыймылы партиянын съездин өткөрүп жатат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгындагы КСДПнын съезди 6-апрелде өтөт.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидерлигине Сагынбек Абдрахмановдун талапкерлиги сунушталарын партиянын Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн координатору Жылдызбек Турганов «Марал» радиосунун кабарчысына билдирген.

Анын айтымында, КСДПнын бүгүнкү курултайында саясий кеңештин курамы да жаңыланышы күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM