Биз менен байланышыңыз

«Казак чек арасындагы мамилени кысым катары кароого болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2019 | 935 | 0

Казакстандагы «Хоргос» базары кыргыздын «Дордой» базарына альтернатива катары ачылгандыктан, казактар экономикалык блокада коюп, башка саясий максаттарды көздөп жатышы мүмкүн. Бирок чек арадагы окуя ЕАЭБдин алкагындагы эрежелерге туура келбейт. Бул тууралуу ЖИА бизнес ассоциациасынын төрагасы Темирбек Ажыкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБдин алкагында чек аралар ачык болуп, транзиттик товарлар текшерилбей өткөрүлүшү керек.

«Эми бул кырдаалды ЕАЭБдин башкармалыгына кайрылып чечүү зарыл. Казактардын бул мамилесин кысым катары кароого болот. Чек ара маселеси жыл сайын күчөп жатат. Кыргыз тарап казактар менен тактап сүйлөшүп алышы шарт. Бул — саясий маселе. Андыктан, ал өлкө башчылардын деңгээлинде чечилиши керек», — дейт Ажыкулов.

Ал мындан сырткары, Кыргызстан ЕАЭБге даярдыксыз, аргасыз киргенин айтып, эми ошого жараша мамиле жасаларын белгиледи.

Ажыкулов буга кошумча, Кыргызстанда министрликтер чогуу өнүгүүгө көп маани бербей турганын, ар бир мекеме өзүнчө «падыша» экенин айтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM