Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков телефон аркылуу Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөштү

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 654 | 0

Бүгүн, 2-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайып Эрдоганды Түркияда муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү жана «Акыйкаттык жана өнүгүү» партиясынын жеңиши менен куттуктады.

Телефондук сүйлөшүүдө Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганга албан ийгиликтерди, бекем ден соолук каалады.

Copyright © 2017 Maral FM