Биз менен байланышыңыз

УКМК: Паспортко бланктарды даярдоо боюнча тендерде мыйзам бузуу аныкталды

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 548 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери паспортко бланктарды даярдоо боюнча тендерде мыйзам бузган фактыларды аныктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Тергөөнүн жүрүшүндө такталгандай, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдарын бузуп, мамлекеттик каражатты үнөмдөбөй, иштин эффективдүүлүгүн камсыздаган эмес. Мунун жыйынтыгында, сынакка катышуучулардын бири уткан компаниядан 253 млн. сомго арзан бааны сунуштаганына карабастан, тендердик документтери шайкеш келбейт деген шылтоо менен сынактан четтетишкен.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM