Биз менен байланышыңыз

Аскат Мусабеков: «Аравияга барып ааламга таанылдык»

Маданияттын мыкты кызматкери, таанымал ырчы-аткаруучу Аскат Мусабеков менен «Марал» радиосунда маектештик. Аскат Мусабеков өткөн айдын 9-мартынан 19-мартына чейин Сауд Аравия жергесинде өткөн бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн «Төө (Camel Fest)» фестивалына катышып келген. Мына ушул фестивалдын жүрүшү, Кыргыз өлкөсүнөн барган өнөрпоздордун, спортчулардын жараткан ийгиликтери тууралуу ой бөлүштү. 

— Өткөн айда Сауд Аравия жергесинде 90дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышкан «Төө» деп аталган фестиваль болду. Кыргыздын маданият жана искусство кызматкерлери 3 топко бөлүнүп учканбыз. Биздин топ 6-март күнү бардык. Кыргыз өлкөсүнөн баш-аягы эки миңге жакын адам болду. Мындайча айтканда, Көчмөндөр оюну Аравияда өттү. Эми, фестивалдын жүрүшү тууралуу айтсам, кыргыздар башкы уюштуруучу катары парадга көп чыктык. 15 гектар жерге курулган атайын комплексте ар бир өлкөнүн кинолору, оюндары, каада-салт, үрп-адаттары көрсөтүлүп жатты. Фестиваль 13-мартта башталып, адегенде кыргыздар ачып бердик. 19-марттагы жабылыш аземинде да өзгөчөлүктөрдү тартууладык. Мына ошонун негизинде Сауд Аравиянын королу Абдулазиздин өтүнүчү менен, королдун жана премьер-министрибиз Мухаммедкалый Абулгазиевдин катышуусунда кыргыздар 23- март күнү башкы стадиондо концерт бердик.

Көк бөрү оюндарында гана бир аз өксүктөр болгонсуду. Себеби, минген аттары Аравияныкы болгондуктан, тай казандан үркүп, көк бөрүчүлөрүбүздүн шайын оодарып койгонсуду. Чыдамдуулугу жагынан кыргыз аттарына жетпейт экен.

Бул жерде кыргыздардын көрсөткөн маданий иш-чарасы бүт дүйнөнүн көңүлүн бура алды десем жаңылбайм. Мурда чет өлкөлөрдүн ар кандай иш-чараларына барып калсам, «Кытайсыңарбы?» «Жоок, кыргызмын», — десем, «Ал каякта?” — дешчү. Аталган фестиваль ошондой адамдарга, өлкөлөргө бизди таанытууга чоң салым кошту дей алам. Он жылга контракт түзүлдү. Кудай буйруса, эми фестиваль жыл сайын өткөрүлө турган болду.

Эфирден пайдаланып, бардык оюн- зооктун башында турган, башкы режиссер Алтынбек Максүтовго чыгармачыл топтун атынан ыраазычылык билдирем.

Copyright © 2017 Maral FM