Биз менен байланышыңыз

Нарында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 415 | 0

Бүгүн,  2-апрелдин таңында саат 07:41де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Нарын шаарында жана Нарын районунун Жер-Көчкү, Өрүк-Там айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Copyright © 2017 Maral FM