Биз менен байланышыңыз

Дүйнө басылмалары түрк шайлоосу тууралуу: Эрдоганга шайлоочулардан алгачкы сокку

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 1247 | 0

Март айынын соңку күнү Түркияда болуп өткөн жергиликтүү шайлоолор дүйнөлүк басылмаларда башкы кабар болуп жарыяланды. Анда кезектеги шайлоонун жыйынтыгы Түркиянын тарыхый бурулушка кадам таштаганын жазышкан. Эң ири мамлекеттик стратегиялык борборлор — Анкара менен Стамбулда бийлик 25 жылдан кийин Эрдогандын партиясынан оппозицияга өткөнү дүйнө коомчулугу үчүн да күтүүсүз болду. Төмөндө алдыңкы басылмалардын кабарларына кыскача токтолобуз.

Reuters: «Эрдоганга оор сокку урулду»

«Эрдоган ири жеңилүүгө дуушар болду. 25 жылдык тарыхында анын «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы биринчи жолу Анкарада шайлоодон утулду. Ошондой эле Стамбулдагы эн ишенимдүү талапкери Биналы Йылдырымдын да утулганын мойнуна алып олтурат.

Соңку жылдары кескин алсыраган экономикалык абал, бийликтин ар түрдүү ыкмалар менен жаап-жашырганына карабай, добуш берүү урналарында көрүнүп калды. Президент Эрдогандын күн сайын митингдердеги актануу-мактанууларын медиа каражаттары байма-бай чагылдырып турганына карабай, алдыңкы шаарлардын тургундары башкача добуш беришти».

New York Times: «Эрдоган бийлигиндеги алгачкы артка кетүү»

«Бул шайлоодо бийликтин «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясы борбор калаа Анкарада алгачкы жолу жеңилди. Өзгөчө президент Эрдогандын кичи мекени — саясий карьерасы башталган Стамбулдагы жеңилүүсү: өлкөдөгү колдоочуларынын кескин азайганынын жана доорунун бүтүп баратканынын ачык белгиси. Мындай күтүүсүз натыйжа Түркияны термелтти».

Bloomberg news: «Популисттик саясат соңуна чыкты»

«Түркиялыктар экономикалык рецессияны (артка кетүү) жон териси менен сезе баштаган маалдагы шайлоодо бийлик эки негизги калаадагы тактысынан ажырады. Эрдоган шаарларды өнүктүргөнүн сыймыктануу менен айтып жаткан кезде, бир топ шаар андан жүзүн бурду.

Натыйжалар жалпы жонунан анын бийлигине көп деле таасир этпегени менен буга чейинки маселелерди популисттик ылдамдыкта чечүүнү токтотуп, өлкөнү каптаган көйгөйлөргө реалдуу чара көрүүгө аргасыз кылат».

The Guardian: «Эрдоган урналарда жазаланды»

«Бул катардагы эле шайлоо болору күтүлүп жатканда, шайлоочулар бийликти шайлоо урналарында жазалашты. Эрдоган 16 жылдан бери алгачкы жолу мындай каршылыкка дуушар болду.

Ошентип кезектеги жергиликтүү шайлоолор «Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын башкаруусуна карата элдик референдум сыяктуу таасир калтырды».

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM