Биз менен байланышыңыз

Зулпукаров: Күчтүү партиялар биригиши мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2019 | 1572 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров «Марал» радиосуна берген маегинде келечекте күчтүү партиялар биригиши мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, саясий күчтөрдүн биригүүсү күтүлүп жаткан маселе.

Ал эми КСДП фракциясында аталган партиянын лидери Алмазбек Атамбаевди да, президент Сооронбай Жээнбековду да колдогондор бар. Ал тургай, башка партияга өтүп кете турган депутаттар да кездешиши мүмкүн. Алар менен фракциялык иштер жакшы талкууланат, бирок партиялык маселелерге келгенде көз караштар айырмаланат.

«Оппозиция өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу жаралат. Бүгүнкү күндө оппозиция бар. Атамбаевдин парламенттик шайлоодо бийликке келип, же келбешин убакыт көрсөтөт. Негизи жетекчилерде ынтымак болушу керек. «Мен айткан нерселер жасалганда гана, сени менен бирге болом» деген туура эмес. КСДП менен кошо фракция да сөзсүз оппозицияга кетиши керек деген сөз мыйзамсыз», — дейт Зулпукаров.

Эл өкүлү буга кошумча, өлкөдө бир да бийлик бутагы соттун чечимине таасир эте албагандай реформа жүргүзүү зарыл экенин белгиледи. Президенттин соттук чечимдерге аралашуусуна коом өзү таасир берип жатканын да айтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM