Биз менен байланышыңыз

КСДП: Съезддин легитимдүүлүгүн сот аныкташы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2019 | 569 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров «Марал» радиосуна берген маегинде учурда КСДП өтө оор, кризистик кырдаалда турганын билдирди.

Анын айтымында, КСДП фракциясы менен партиянын съезди эки учурда болуп жатканы туура эмес. Съезддердин легитимдүүлүгү боюнча маселе жаралса, ал сот тарабынан аныкталышы мүмкүн.

«Кризистен чыгуу жолу соттун чечимдеринен түздөн-түз көз каранды. Көпчүлүк соттор экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан тандалган. Алардын чечими кандай болорун көрөбүз. Саясий кеңештин көпчүлүгү съездди кабыл алды. Бул аракеттер канчалык деңгээлде мыйзамдуу экенин тийиштүү органдар аныктайт», — дейт Зулпукаров.

Ал КСДПнын 6-апрелдеги съездине барууга даяр экенин белгиледи.

«Азырынча мага чакыруу келе элек. 3-апрелде парламентте чек ара маселелери боюнча өкмөттүк күн. Аны өткөрүүнүн демилгечиси катары 3-апрелдеги фракциянын съездине катыша албай калам«, — дейт Зулпукаров.

Кошумчалай кетсек, КСДПнын съезди 6-апрелде өтөт. Ал эми КСДП фракциясынын съезди 3-апрелге белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM