Биз менен байланышыңыз

Асанов: Бишкек-Ош унаа жолуна галерея куруу иштери башталат

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2019 | 435 | 0

Жакында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымына галерея куруу иштери башталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымы өзгөчө кооптуу аймак. Мындан улам галерея куруу зарыл.

Учурда Бишкек-Ош унаа жолу транспорт каражаттары үчүн ачык. Кечээ, 31-мартта көчкүлөрдү атайын атып түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Анткени, жаан-чачынга байланыштуу көчкү жүрүү коркунучу пайда болгон.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылган.

Copyright © 2017 Maral FM