Биз менен байланышыңыз

Виталий Кличко шайлоого добуш берди

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Мар 2019 | 575 | 0

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Украинадагы президенттик шайлоого келип добуш берди. Бул тууралуу «Прямой» телеканалы  жаңылыктарында чагылдырды.

Аталган каналдын тарткан репортажынан Виталий Кличконун таң эрте добушкана жаңы ачылганда велосипед менен келгенин көрүүгө болот. Добуш бергенден кийин, журналистерге чакан маек берди.

«Ким үчүн добуш бердим? Үгүт катары бааланып калбашы үчүн кимге добуш бергенимди ачык айтпайм. Бирок Украинанын НАТО жана Европалык баалуулуктарда өз курсун жоготпоосу үчүн добуш бердим», — деди мэр.

Шайлоо участкалары бүгүн, 31-мартта саат 8:00дө ачылып, кечки саат 20:00гө чейин иштемекчи.

Copyright © 2017 Maral FM