Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Травертин таштарына болгон талап өсүүдө

Кыска кабар | 31 Мар 2019 | 844 | 0

Жалал -Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ынтымак айылында иштеп жаткан «Туз-Бел Таш» таш заводунун өнүмдөрү экспорттоого ылайыктуу болгондуктан, жергиликтүү элдин керектөөсүнөн артканын коңшулаш мамлекеттерге жөнөтүп туруу келишимдери каралып жатат. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев аталган заводдун жумушчулары менен болгон жолугушууда билдирди.

«Травертин ташынын күкүмү да текке кетпейт. Кооз эшик,  терезе алкактары, тирөөч-тумбалар, гүл өстүрүүчү идиштерден тартып, кол жуучу жабдыктарга чейин камдалып, калдыктарынан болсо, курулушка керектүү материалдар даярдалат. Негизги чийки зат Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Сары–Таш карьеринен алынат», — деди  Бакыт Төрөбаев.

Copyright © 2017 Maral FM