Биз менен байланышыңыз

Муфтият Чеченстандын диний башкармалыгы менен кызматташат

Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 604 | 0

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чечен Республикасынын Азирети Муфтийи Салах-Хаджи Межиев менен жолугушту.

Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Салах-Хаджи Межиев кыргыз элинин 1944-жылдары көрсөткөн меймандостугун айтып, эки өлкөнүн Дин Башкармалыгы ортосундагы кызматташууну бекемдөө жаатында пикир алышты.

Өз кезегинде Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Салах-Хаджи Межиевдин жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу кызматташууга Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы да даяр экенин билдирди.

Ошондой эле, тараптар салттуу Исламды жайылтууда жана экстремизм, терроризмдин алдын алууда тыгыз байланышта иш алып барууну талкуулашты.

Эскерте кетсек, «Ислам — мээримдүүлүктүн жана тынчтыктын дини» эл аралык конференциясы 28-мартта Москвада башталып, учурда Грозный шаарында уланууда. Ага 43 мамлекеттин 250 өкүлү катышып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM