Биз менен байланышыңыз

Талибан согушкерлери Тажикстанга чектеш аймакты басып алды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 986 | 0

«Талибан» радикалдык кыймылынын согушкерлери кечээ, 29-мартта Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Аргандж-Хва аймагын басып алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлаганын Ariana News маалымат булагы жарыялады.

Талибдердин колуна өткөн Аргандж-Хва аймагы Тажикстан менен чектешет.

Кечээ, жума күнү дээрлик 20 саатка созулган аткылашууда 14 ооган аскери каза болуп, дагы ондогон адам жаракат алган. Согушкерлер тараптагы каза болгондор тууралуу маалымат айтыла элек.
Ооган аскерлеринин чегинүүсүнөн кийин, талибдер алардын көптөгөн курал-жарак, ок-дарыларын тартып алышканы маалыматта белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM