Биз менен байланышыңыз

Вице-премьер Жеңиш Разаков ЕАЭБдин кезектеги жыйынына катышты

Кыска кабар , Саясат | 30 Мар 2019 | 546 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Евразия экономикалык биримдигинин (ЕЭАБ) курамындагы өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин жана ЕЭККынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусундагы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйындын күн тартибинде интеграцияны, өнөр жайды өнүктүрүү, соода чөйрөсүндөгү кызматташуу жана өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү, ЕАЭБдин жалпы эмгек рыногун түзүү, бажылык жана техникалык жөнгө салуу, ЕАЭБдин регламентине техникалык өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу жана киргизүү, ошондой эле ЕАЭБдеги жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү маселелери каралды.

Кеңештин жыйынында мындан сырткары, ЕЭАБге мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө Келишимдин долбоору каралды. Ал эмгектенгендердин пенсиялык укуктарын ишке орноштурган мамлекеттин жарандары менен бирдей шарттарда түзүү, сактоо жана ишке ашыруу, эмгектенгендерге пенсия чегерүү жана экспорттоого байланыштуу маселелерди чечүү, ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда пенсиялык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соода жүргүзүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды четтетүү тартиби жана шарттары жөнүндө Келишимдин долбоору талкууланды.

Талкуунун негизги темаларынын бири катары: «Өнөр жай кооперациясы, субконтрактациялык жана технологиялар трансферинин Евразиялык түйүнү» долбоорун ишке ашыруу, Биримдиктин алкагындагы келечектүү интеграциялык долбоорлор жана евразиялык интеграциялык долбоорлорду башкаруу механизмдери, сооданын санариптик экотутумун өнүктүрүү шарттарын түзүү, ошондой эле 2019-жылы «Евразия жумалыгы» көргөзмө форумун өткөрүү маселелери саналды.

«Евразия жумалыгы» IV Эл аралык форуму 2019-жылдын күзүндө Кыргызстанда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM