Биз менен байланышыңыз

Парижде террорчуларга турак жай берген Жавад 4 жылга кесилди

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2019 | 568 | 0

Париж шаардык соту жергиликтүү тургун Жавад Бендаудду 2015-жылдын 18-ноябрында Парижде болгон террордук кол салууну көзөмөлгө алган бельгиялык Абдельхамид Абаудга жана «Париж» кафесинде ок аткан деп шектелген террорчу Шакиб Акрухка турак жай бергени үчүн,  террордук актыга тиешеси бар деген өкүм чыгарып, төрт жылга абакка кести.

Бул тууралуу «France Info» порталы жазып чыкты.

Бендауд өзү кимге турак жай бергенин билбегенин дамамат кайталап келет.

Эске сала кетсек, 2015-жылы Франциянын баш калаасы Париж шаарында террордук акты болуп, 130 киши каза болгон. Каргашада дагы 350дөн ашык жай тургун жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM