Биз менен байланышыңыз

УКМК: Соцтармактан теракт боюнча жалган маалымат тараткан жаран кармалды

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 417 | 0

Социалдык тармакта теракт тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды. бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Кечээ, 24-февралда “Инстаграм” социалдык тармагынын «_roma7unuzow» аттуу колдонуучусу News.kg маалымат порталынын жаңылыгынын алдына ГУМ соода борборунда саат 17:30да террористтик акты боло турганы тууралуу билдирүү калтырган. Анда жанкечти даяр экени, анын ата-энесине 2 млн. доллар төлөнгөнү айтылган.

Бул факт боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-б. (Терроризм актысы, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында Чүй облусунун 18 жаштагы тургуну Р. Юнузов шектүү катары кармалып, УКМК Башкы тергөө башкармалыгына алынып келинди. Сурак учурунда ал бейбаштык кылганын айтып, жасаган ишине өкүнүп жатканын билдирди.

Террористтик акт тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратыларын  эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM