Биз менен байланышыңыз

БУУнун баш катчысы экстремисттик кол салууларды кескин айыптады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2019 | 613 | 0

Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Антонио Гуттереш акыркы убактарда жасалган террордук кол салууларды айыптаган билдирүүсүн таратты.

Ал өз билдирүүсүндө, дин өкүлдөрүнүн сыйынуучу жайларына болгон кол салуулар адатка айлана баштаганын, буга чукул чара көрүү керектигин жазган.

«Ушундай окуялар адатка айлана баштады. Мечиттеги мусулмандарды атуу; синагогдон еврейлерди өлтүрүү; чиркөөдөгү христиандарды жардыруу — бул, дин өкүлдөрүн кордоо болуп саналат«, — дейт өз билдирүүсүндө баш катчы.

Мындан тышкары, экстремисттер интернетти колдонуу аркылуу кастыкты козутууну жайылтып жатышканын, мындай зулумдукка тезинен бөгөт коюу максатында БУУ да эки демилге көтөргөнүн белгилеген.

Ошондой эле, ал өзүнүн жардамчысына БУУнун каршылык планын түзүүнү, Цивилизация Альянсынын Жогорку өкүлүнө дин адамдарынын коопсуздугуна кам көрүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM