Биз менен байланышыңыз

Президент БУУнун башкы катчысына кайрылуу жолдоду

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 678 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-апрелде, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы катчысынын мүчө мамлекеттерге карата күчтөрдү бириктирүү жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн 2 млрд доллар суммасына гуманитардык иш-аракеттерин баштоо боюнча глобалдык план түзүү демилгесин колдоду.

Президент коронавирус инфекциясынын пайда болушу жана тез жайылышына байланыштуу дүйнөдөгү болуп жаткан оңой эмес кырдаалга көңүл бурду.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын эпидемияга каршы багытталган чаралары жөнүндө айтып, коронавируска каршы күрөшүүдө дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарды белгиледи.

Президент, ошондой эле, дүйнө өлкөлөрү «COVID-19дун» адамзаттын алдына койгон чакырыктарын жеңип чыгаарына ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM