Биз менен байланышыңыз

Түндүк Ирландиядагы террордук актыда бир аял көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 512 | 0

Түндүк Ирландиянын Лондондерри шаарында ок атышуулар болуп, бир киши каза болду.

Бул тууралуу Түндүк Ирландиянын милициясы кабарлаганын жергиликтүү маалымат каражаттары айтып чыгышты.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар ок атышып, жардыргычтарды ташташкан.

‘Ок атышууда 29 жаштагы аял каза болду. Биз бул окуяны терракт катары карап, өлүм боюнча кылмыш ишин козгодук», — дейт жергиликтүү милиция кызматкери Марк Хамильтон.

Учурда иликтөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM