Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Майрамдагы жардырууда эки адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 652 | 0

Ооганстандын борбору Кабул шаарында болгон жардырууда эки адам каза болуп, дагы 14 киши жаракат алды. Окуя Нооруз майрамдык салтанаты өтүп жаткан тушта орун алганын TOLOnews маалымат буга Twitter баракчасына жазды.

«Карт-е Сахи районунда бүгүн, бейшемби күнү болгон жарылуудан кеминде эки киши өлүп, дагы 14 адам жаракат алды»,- деп айтылат телканалдын Twitter баракчасында.

Жарылууну террорист-жанкечти ишке ашырган.

Нооруз — жаңы күндүн башталганы жана жазгы күн менен түндүн теңелген күнү катары белгиленүүчү майрам. Аны Борбор Азия, бир катар чыгыш өлкөлөрү, Кавказ жана Балкан өлкөлөрүндө жыл сайын 300 миллиондой калк майрамдашат.

Copyright © 2017 Maral FM