Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Нооруз майрамында жардыруу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Мар 2019 | 717 | 0

Ооганстандын борбору Кабул шаарында жардыруу болду. Окуя Нооруз майрамына карата салтанат өтүп жаткан тушта орун алды. Бул тууралуу «Синьхуа» маалымат булагына таянып, ТАСС жазып чыкты.

Жарылууну террорист-жанкечти ишке ашырган. Жардыруудан жабыркагандар жана адам өлүмү боюнча маалыматтар азырынча айтыла элек.

Нооруз — жаңы күндүн башталганы жана жазгы күн менен түндүн теңелген күнү катары белгиленүүчү майрам. Аны Борбор Азия, бир катар чыгыш өлкөлөрү, Кавказ жана Балкан өлкөлөрүндө жыл сайын 300 миллиондой калк майрамдашат.

Copyright © 2017 Maral FM