Биз менен байланышыңыз

ИИМ Фарид Ниязовдун ачык каты боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар , Саясат | 29 Мар 2019 | 964 | 0

Ички иштер министрлиги Фарид Ниязовго карата козголгон иште саясий куугунтук тууралуу сөз болушу мүмкүн эместигин билдирди. Бул туурасында Ички Иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле Фарид Ниязовдун арызы боюнча укук коргоо түзүмү өз позициясын билдирүү менен жаран Максат Чегирткеевдин арызы калыс иликтене тургандыгын маалымдады.

Эске салсак, КСДПнын сайтында Фарид Ниязовдун ачык каты жарыяланып, анда ИИМ тарабынан козголгон ишти саясий буйрутма катары баалаган.

Фарид Ниязов: Мага козголгон ишти саясий буйрутма деп эсептейм

Copyright © 2017 Maral FM