Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязов: Мага козголгон ишти саясий буйрутма деп эсептейм

Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 851 | 0

Бүгүн, 29-мартта Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге ачык кат менен кайрылды. Бул тууралуу КСДПнын сайтына жарыяланды.

Катта Фарид Ниязовго карата жазылган арызды жогорку жактын тапшырмасы деп баалаган жана милиция кызматкерлери интернетке чыккан жабырлануучуларды өздөрү издеп, адам укугу үчүн күрөшкөнүн уккан эместигин билдирген.

«Бизге жеткен маалыматтар боюнча, милиция кызматкерлеринин демилгеси менен Максат Чегирткеев аттуу жаран Ички иштер министрлигине алынып келинген. Ал жерден ага Апрель окуясынан жабыркагандарга дарыланууга бөлүнгөн 200 миң сомду Фарид Ниязов тартып алган деп арыз жазуу сунушталган. Чегирткеев жергиликтүү басылмалардын бирине Фарид Ниязов кызмат абалынан кыянаттык кылып, дарыланууга деген акчаны майып баладан алып койгон деп билдиргени боюнча макала чыккан. Бул материал чыккандан кийин ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгы Апрель окуясынан жабыркагандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча комиссияга тиешелүү адамдарды суракка чакырган. Мен бул убакка чейин милиция кызматкерлери интернетке чыккан жабырлануучуларды өздөрү издеп, адам укугу үчүн күрөшкөнүн уккан эмесмин. Бул жогорку жактын тапшырмасы экенин ишенимдүү айта алам. Ошондуктан, бул инцидентти саясий буйрутма деп кароого толугу менен укугум бар. Убагында аталган комиссия Чегирткеевдин операциясы үчүн Кытайдагы бейтапканалардын бирине 4 миллион сом которгон. Чегирткеев Эмилбек Каптагаевдин өкүл баласы болот. Каптагаев маселенин чоо-жайын жакшы билет, ошондуктан ИИМге калп маалыматты бердиртпей, маек бердирүүнү туура көргөн. Бул саясий буйрук экенине негиз бар. 6-апрелде өтө турган КСДПнын съездин үзгүлтүккө учуратуу аракети болуп жатат.

Урматтуу Кашкар Астаканович! Сиз бийликтин бул аракети келечексиз экенин жакшы билесиз. ИИМдин кызматкерлерин саясий буйруктарды аткарууга түртпөшүңүздү суранам. Азыркы болуп жаткан окуяга эртеби, кечпи, эл баасын берет», — дейт Ниязов.

Эске салсак,  буга чейин Фарид Ниязовго карата кылмыш иши ачылганын Башкы прокуратура тастыктаган болчу.  Кыргызстан социал-демократтар саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсүнө жазылган арыздын негизинде ачылган иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Арыз 20-мартта Максат Чегирткеев аттуу жаран тарабынан жазылган. Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM