Биз менен байланышыңыз

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктайт

Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 537 | 0

Дем алыш күнүнө байланыштуу Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1-апрелде аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Салык мыйзамынын талаптарына ылайык, Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүнүн акыркы күнү дем алышка туш келгендигине байланыштуу, мөөнөт 1-апрелге чейин узартылды.

Андыктан декларациясын тапшыра элек жарандар 1-апрель, саат 24.00гө чейин тапшыра алышат.

Эске салсак, аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү жана жер үлүшү бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп, ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке ишкерлерлерге 1000 сом өлчөмүндөгү административдик айып салынат. Ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге айыптан тышкары, ал декларанттардын тизмесин прокуратура органдарына өткөрүп берүү менен бирге, коомчулукка жарыялоо да каралган.

Copyright © 2017 Maral FM