Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура Фарид Ниязовго кылмыш ишин козгоду

Кыска кабар | 29 Мар 2019 | 928 | 0

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго карата кылмыш иши ачылды. Мындай маалыматты Башкы прокуратура тастыктады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан социал- демократтар саясий партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсүнө жазылган арыздын негизинде ачылган иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Арыз 20-мартта Максат Чегирткеев аттуу жаран тарабынан жазылган. Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

Максат Чегирткеевдин арызында 2010-жылдын 6-7-апрелинде каза болгон жарандардын жана алардын жакындарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Фарид Ниязовду жана анын мүчөлөрүн жоопко тартуу өтүнүчү келтирилген.

Чегирткеев өзү Апрель окуясынын катышуучусу экенин, анын дарылануусуна Саламаттык сактоо министрлиги бөлгөн 200 миң сомду Ниязов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кайтарып салганын белгилеген.

Буга чейин КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул факт боюнча Фарид Ниязовго органдар тарабынан билдирүү же чакыруу келе электигин айткан болчу.

Кошумчалай кетсек, Фарид Ниязов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекетти башкарып турганда, президенттик аппаратты жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM