Биз менен байланышыңыз

Гватемалада 30 кишинин өмүрүн алган ири жол кырсыгы катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 654 | 0

Бүгүн Гватемалада 30га жакын адамдын өмүрүн алган ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу El Siglo de Torreon маалымат булагы жазды.

Окуя Науала шаарына кире бериш жерде катталган. Панамериканын чоң жолунан айдоочу жүк ташуучу унаа менен бир нече адамды тепсетип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 30га жакын адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилген.

Учурда кырсык боюнча тергөө, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Гватемаланын президенти Джимми Моралес Твиттердеги баракчасына жол кырсыгында каза болгондордун жакындарына көңүл айтуу катын жарыялап, ал эми Гватемала Өкмөтү үч күндүк аза күтүү жарыялады.

 

Copyright © 2017 Maral FM