Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстандын бюджетин колдоого 30 млн доллар берет

Кыска кабар | 28 Мар 2019 | 636 | 0

Орусия Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо максатында 30 млн. доллар кайтарымсыз каржылык жардам берет. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков айтканын Интерфакс маалымат булагы билдирди.

“Жакында эле, март айында Орусия Өкмөтү кыргыз тараптын өтүнүчү менен Кыргызстандын мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн 30 млн. доллар кайтарымсыз каржылык жардам берүү чечимин кабыл алган”, — деп билдирген.

Ушаков ошондой эле 2017-жылы Орусия Кыргызстандын 240 млн. доллар өлчөмүндөгү бардык карызын кечкенин кошумчалай кетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM