Биз менен байланышыңыз

Орусия өкмөтү толугу менен отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 957 | 0

Орусия президенти Владимир Путин бүгүн, 15-январда Федералдык жыйынга кайрылуу жолдоп, Баш мыйзамга олуттуу өзгөрүүлөр кирерин айтты.

Президенттин кайрылуусунан соң өкмөт отставкага кетерин билдирди.

Өкмөт отставка кеткенин себебин өлкө башчынын демилгеси менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык, президенттин чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн деп түшүндүрдү. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев билдирди.

-Владимир Владимирович бир катар өзгөрүүлөрдү белгиледи. Алар аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлигинин балансына таасир этет. Биз, өкмөт катары, президентке айтылган нерселерди ишке ашыруу үчүн тийиштүү чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Мындан улам Конституциянын 117-беренесине ылайык, өкмөттүн отставкага кетишин туура деп эсептейм, — деди Медведев.

Путин өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, жакын арада ар бири менен өзүнчө жолугарын айтты.

Ошондой эле, Медведевге Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын сунуштап, өлкөнүн коопсуздугу менен алектенүүгө чакырды. Медведев, эгерде бул үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектелсе, бул сунуш боюнча ойлонуп көрөрүн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM