Биз менен байланышыңыз

Атайын эсепке 103 млндон ашык акча түштү

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 540 | 0

Коронавирус менен күрөшүү боюнча административдик эсепке 6-апрель саат 17.00гө карата 103 млн. 946 миң 301 сом келип түштү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Ачылган эсептер жөнүндө маалыматтар Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан.

Эске салсак, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 228 кишиге жетти. Алардын ичинен 42 адам айыгып, төрт жаран каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM