Биз менен байланышыңыз

Кытай жана Европа лидерлери кызматташтыкты чыңдайт

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 490 | 0

Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлери глобалдык маселелерди чечүүдө биргеликте кызматташууну макулдашышканын NHK World сайты билдирди.

26-мартта Парижде Си Цзиньпин Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Еврокомиссиянын өкүлү Жан-Клод Юнкер жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушту.

Эммануэл Макрондун чакыруусу менен Парижге барышкан лидерлер биргеликте басма сөз жыйынын өткөрүп, глобалдык жылуулануу, дүйнөлүк соода бирикмелерин реформалоо жана башка ушул сыяктуу маселелерди чечүүдө жакындан кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Си Цзиньпин заманбап талаптарга жооп берүү үчүн Кытай өзүнүн рыногуна кирүүнү жеңилдете турганын билдирген. Ал ошондой эле дүйнөлүк соода бирикмелерин реформалоону колдой турганын айтып, дүйнөлүк экономиканы ачык кылууга жана көп тараптуу соода мамилелерин коргоого жардам бере турганын билдирген.

Лидерлердин адилеттүү соода боюнча карым-катышты түзүүгө болгон аракети, АКШнын президенти Дональд Трамптын саясатына кыйыр эскертүү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM