Биз менен байланышыңыз

Путин: «Ректорлордун форуму — учурдун талабы»

Кыска кабар | 27 Мар 2019 | 553 | 0

Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-орус университеттеринин ректорлорунун “Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке инвестиция” аттуу форуму — учурдун талабы. Окуу жайлардын өкүлдөрүнүн диалогго баруусу эки өлкөнүн тең билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуусунда айтылат.

Орус лидери иш-чарада окутуучулук жана изилдөө жагында тажырыйба алмашып, эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруунун жолун издөө керектигин айткан.

-Сиздер биздин жалпы интеллектуалдык, маданий жана руханий баалуулуктарды сактап, аны кантип жакшыртуу керектигин бирге ойлонуп, жолун табышыңыздар маанилүү. Жүргүзүлгөн талкуулар жемишин берип, Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларында окутуунун жаңы ыкмалары колдонула баштайт деп ишенем, — дейт Владимир Путин. 

Copyright © 2017 Maral FM