Биз менен байланышыңыз

«Маданият төңкөрүшү» долбоору — улуттун келечеги

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2019 | 812 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев “Марал” радиосуна маек берип жатып: “Маданият төңкөрүшү»  — улуттун келечегине кам көргөн долбоор,  улуттук идеология аркылуу коомдук пикирди калыптандырууга жана  элдин аң-сезимине бурулуш жасоого чоң мүмкүнчүлүк» экенин билдирди.

«Улуттун аң-сезимине төңкөрүш жасоо» демилгеси колдоого аларлык. Материалдык кызыкчылык башкы орунга чыгып, маданий аксоо күч алды. Айрыкча, 1990-жылдан кийинки муун маданияттан окчун калыптанып калды. Маданиятын кыры көп. Адамдын өзүн алып жүрүү маданияты бир улуттун жүзүн көрсөтөт. Кыргыздар улуттук маданий-руханий баалуулуктары менен дүйнөнү таң калтырып келген. Адабият, маданият аркылуу коомду тарбиялашыбыз керек. Ал үчүн адамдын жан дүйнөсүнө төңкөрүш жасай турган чыгармалар жаралышы зарыл», — дейт Иманалиев.

Мындан тышкары, «чыгармачыл уюмдарга адис даярдоого маани берүү зарыл» экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 24-марттан 7-апрелге чейин өлкө аймагында «Маданият төңкөрүшү» долбоору өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM