Биз менен байланышыңыз

«Коркутам» деп колго түшүптүр

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 452 | 0

2016-жылы белгисиз эки адам кылмыш дүйнөсүнүн авторитети катары өздөрүн тааныштырышып, физикалык күч колдонуу жолу менен коркутуп, ишкердин 1 400 000 сом өлчөмундө акча каражатын тартып алышкан. Бул тууралуу Ички иштер министирлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн (опузалап талап кылуу) негизинде сотко чеийнки иликтөөлөр башталып, 23-март күнү ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 1984-жылы туулган  Чүй облусунун А. Д. аттуу тургуну кармалган.

Кармалган жаран мурда баңгизатты сатуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана Ички иштер министирлигинин каттоосунда турган. Криминалдык чөйрөдө “Смотрящий” макамына ээ.

Учурда кармалган жаран  убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM