Биз менен байланышыңыз

Оштун тургунунан акча талап кылууга шектелип, мурда соттолгон адам кармалды

Кыска кабар | 3 Мар 2022 | 296 | 0

Ош шаарынын 36 жаштагы тургунун коркутуп, акча талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 1-мартында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз түшкөн. Анда М.Ш. аттуу адам WhatsApp аркылуу коркутуп, 20 миң доллар талап кылып жатканы жазылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, иликтөө башталган.

Шектүү Ш.М. 2-мартта саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде аталган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалган. Сурак учурунда анын мурда да адам өлтүрүү боюнча соттолгону аныкталган.

Кармалган адам Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM