Биз менен байланышыңыз

«Орусия — балдардын көзү менен» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды

Кыска кабар | 26 Мар 2019 | 506 | 0

Кечээ, 25-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Орусия гүлдөрү” маданият фестивалынын алкагында өткөрүлүп жаткан «Орусия — балдардын көз карашында» аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Көргөзмөдө Орусиянын ар тарабынан тандалган 6-16 жаштагы көркөм сүрөт мектептеринин окуучуларынын 20 эмгеги коюлуп, ар түрдүү жанр жана техникада жасалган бул эмгектер жаш авторлордун бийик чеберчилигин жана алардын чыгармачыл дараметин аныктайт.

Көргөзмө 30-мартка чейин уланат.

Эске салсак, эл аралык “Орусия гүлдөрү” маданият фестивалы Орусиянын искусство жана билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө максатында 2013-жылы түзүлүп, андан бери, Прага, Вена, Милан, Мюнхен, Хельсинки, Братислава, Афины өңдүү шаарлардын ири маданий борборлорунда да көргөзүлгөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM