Биз менен байланышыңыз

Веналык ырчы Эдриан Эрод Бишкекте концерт берет

Кыска кабар | 24 Апр 2019 | 606 | 0

26-апрелде А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет татрында Австрия мамлекеттик операсынын солисти Эдриан Эрод концерт берет.

Маалыматтарга караганда, Эдриан Эрод кыргыз өлкөсүнө алгачкы жолу келип жатат. Аталган концерт КРдин маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Австриянын Казакстандагы элчилигинин колдоосу менен өткөрүлөт. Концертти КР Президентине караштуу «Манас» камералык оркестри коштойт.

Концерт саат 19:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM