Биз менен байланышыңыз

Бишкекте “Орусия гүлдөрү” XIV Эл аралык маданий фестивалы башталат

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 636 | 0

Бүгүн Бишкекте “Орусия гүлдөрү” аталышындагы XIV Эл аралык маданий фестивалы башталат. Ордо калаанын Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болуучу иш-чара 30-мартка чейин уланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Программада маданий жана билим берүүчү мүнөздөгү иш-чаралар камтылган. Бишкектин тургундары ошондой эле Орусиянын таланттуу балдарынын чыгармачылыгы менен тааныша алышат.

Орусиянын маданият министрлигинин аталган долбоору өлкөнүн билим берүү жана искусство чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүү жана бекемдөө максатында 2013-жылы түзүлгөн.

Бул жылдар аралгында фестиваль Прага, Вена, Милан, Мюнхен, Хельсинки, Братислава, Афины жана башка ири маданий борборлордо көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM