Биз менен байланышыңыз

Бүгүн XII кайрымдуулук фестивалы өтөт

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 620 | 0

Бүгүн, 6-февраль саат 11.00дө Чуңкурчак тоо-лыжа комплексинде «Кыргызстан — тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү» XII кайрымдуулук фестивалы өтөт.  Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Иш-чарага катышуу акысыз!

Фестивалдын максаты: 

Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин, эс алуунун жана сергек жашоонун өлкөсү катары таанытуу!

Фестивалда чогултулган бардык каражаттар калктын аялуу катмарына жардам берүүгө багытталат.

Иш-чаранын алкагында «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фондунун жана «Колдон колго» коомдук уюмунун каттоосундагы муктаж адамдарга каражат чогултуу үчүн кайрымдуулук билеттери ойнотулат. Билет баасы: 150 сом (10 билет алсаңыз, 1300 сом).

Кайрымдуулук билеттерин фестивалдын бардык уюштуруучуларынан төмөнкү даректер боюнча сатып алууга болот:

1. Өкмөткө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин катчылыгы — Чүй проспекти, 219, 2/9, тел.: 61-20-85/86;

2. Эл аралык ишкерлер кеңеши — Абдрахманов к. 191, «Hayat Regency Bishkek», 113-114-кеңсе, тел.: 62-38-01;

3. JIA Бизнес Ассоциациясы — Ибраимов көчөсү, 103, тел.: 88-25-27;

4. Туризм департаменти — Киев көчөсү, 96 Б, 6-кабат;

5. Туризм биримдиги (TUK.KG) — Киев көчөсү, 168, тел.: 90-91-15;

6. Кыргыз Республикасындагы Америка Соода Палатасы (AmCham Кыргызстан) — Абдрахманов көчөсү, 191, «Hayat Regency Bishkek» имараты, 123-кеңсе, тел.: 62-33-89;

7. «Колдон колго» коомдук уюму — Гапар Айтиев көчөсү, 2/1, тел.: 0(772) 51-22-54, 0(312) 52-22-09;

8. «Элим барсыңбы?!» ККФ — Исакеев көчөсү, 18/3, 1-кабат, тел.: +996 (772) 00-20-15

Кайрымдуулук билеттеринин ээлери үчүн муз тебүүчү атайын шаймандарды алууга төмөнкү даректерде арзандатуулар болот:

-20% — «Skipark.kg» пункту, Инстаграм: skipark.kg  Телефон (whatsapp): 0(707) 53-33-85
-50% — Жөө басуу Туризм биримдигинин кеңсеси, тел.: 0(312) 90-91-15

Мындан тышкары, кайрымдуулук билеттеринин ээлерине Чуңкурчак тоо-лыжа комплексине жолдомо брондоо мүмкүнчүлүгү берилет. Ага акча которууну каттоо: 0(501) 93-63-93 (Бакыт) телефон номери аркылуу же skipark.kg Инстаграм баракчасында жүргүзүлөт. Жол акысы: 300 сом. Чуңкурчак тоо-лыжа базасында лыжа талонунун баасы: 1200 сом.

Иш-чараны Туризм департаменти, Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңеш, Эл аралык ишкерлер кеңеши, JIA Бизнес Ассоциациясы, Америкалык Соода палатасы, Туризм биримдиги, «Чуңкурчак» тоо-лыжа комплекси, JIA Бизнес ассоциациясы, «Элим Барсыңбы?!» ККФ биргелешип уюштурууда.

Белгилей кетсек, мурунку фестивалдардан түшкөн каражат төмөндөгү мекемелерге бөлүнгөн:

  • №1 Балдар кургак учук ооруканасы;
  • Ак-Суу аялдар психоневрологиялык пансионаты;
  • «Нурмээайса» балдар борбору;
  • Балдардын онкология борбору;
  • Республикалык кан борбору;
  • Ош шаарындагы «Боорукердик» жана «Алтын уя» балдар үйлөрү;
  • Ата-энелердин бейөкмөт уюму;
  • «Колдон колго» коомдук уюму;
  • Сосновска пансионаты;
  • «Элим барсыңбы?!» ККФ.

Айта кетсек, «Кыргызстан — тоо лыжасынын жана кышкы эс алуунун өлкөсү» кайрымдуулук фестивалы 2010-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM