Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: Бизнес-пландардын саны өсүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Мар 2019 | 531 | 0

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев “Марал” радиосуна берген маегинде каржылоонун шарттары мекеменин ичинен чечилерин, ага президенттин кийлигишүүсүнүн кажети жок экенин билдирди.

Анын айтымында, келишим боюнча Орус-кыргыз өнүктүрүү фондуна Орусия тарапттан насыя катары дагы 500 млн доллар берилмек. Бул маселе орус лидери Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында көтөрүлбөсө, кыргыз тарап кийинчерээк көтөрүп чыгат.

«Бизнес чөйрөдө, ишкерлердин арасында мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзгөрүүлөр бар. Бизнес-пландардын саны өсүп жатат.  Бирок айрым ишкерлер тапкан кирешесин жөндөп көрсөтө албайт. Мындан улам каражат алууда кыйналып калат. Бизнести каржылоого бөлүнгөн биринчи 500 млн доллар 2-3 жылга кенен жетет. Ал эми экинчи 500 млн долларды кайра эле бизнес үчүн алсак кыйын болот. Аны мамлекеттик деңгээлде каралчу ири долбоорлорго тартып келүү зарыл», — дейт Асрандиев.

Анын билдиргенине караганда, Орус -кыргыз өнүктүрүү фондуна Бишкекте 1 млн доллардан жогору, аймактарда болсо 200 миң доллардын өйдө каражат алуу үчүн кайрылууга болот. Бул суммадан төмөн каражатты фонд менен иштешип жаткан банк жана микрофинансылык мекемелерден алууга мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM