Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: Президент, өкмөттүн командалары «саботаж» кылып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2019 | 529 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Маралга берген маегинде коррупция менен күрөшүү бир тараптуу болуп жатканын билдирди.

Анын айтымында, жалаң гана жазалоо жолу аркылуу коррупция менен күрөшүү оор. Бул жерде кеткен акчалардын кайра мамлекетке кайтарууга жана идеологиялык маселелерге да көңүл буруу зарыл.

«Бизге идеологиялык силкинүү керек болуп турат. Буга кошумча, кадр маселеси ар дайым тынчсыздандырып келет. Президенттин да, премьер-министрдин да командалары көп маселелер боюнча «саботаж» кылып жаткандай. Себеби күндүз президент менен сүйлөшүп, аны колдоорун айтса, түндө башка саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мен ичине кирбей эле саботажды сырттан көрүп турам. Ал өкмөт башчыга да болуп жатат», — дейт Казакбаев.

Ал кадр маселесинде өкмөт президенттин аппаратынан көз каранды экенин белгилеп, премьер-министрге толук укук берилбей жатканына токтолду.

«Мындай өкмөт башчыга олуттуу реформа жүргүз, кадрларыңды топто деп кантип айта алам? Бирок муну президенттин күнөөсү дегенден алысмын. Бул жерде команда иштеши керек болчу», — дейт Казакбаев.

Эл өкүлү президенттин Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын кабыл алганын артыкчылык катары бааларын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM