Биз менен байланышыңыз

Төрага 5 жылдан бери курулушу бүтпөгөн мектептен кабар алды

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 539 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Таласта 5 жылдан бери курулушу бүтпөгөн мектептин абалы менен таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Жийде айылындагы 225 орундуу, сметалык баасы 54 млн сом деп бааланган мектеп 5 жылдан бери бүтө элек. Парламент төрагасы Жумабеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кошо аталган мектепке барып, абалды жеринен көрдү.

Дастанбек Жумабеков быйылкы жылы аталган мектепти бүткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөнүн, курулуш иши 2019-жылдын сентябрында аякташы керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM