Биз менен байланышыңыз

Калкты тейлөө борборлорунун иши жандана элек

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 542 | 0

Бүгүн, 25-мартта эртең менен токтотулган Калкты тейлөө борборлорунун иши жандана элек. Тейлөө борборлорунун ишинин үзүгүлтүккө учурашына байланыштын оптикалык чубалгыларынын үзүлгөнү себеп болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди. Учурда байланышты калыбына келтирүү аракеттери жүрүүдө.

Жакынкы убакытта аталган борборлордун системасы жана интернет байланыш калыбына келтирилип, адистер резервдик каналды кошушат. Ошондой эле калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн «Кыргызтелеком» ишканасынын адистери да тартылганы кабарланат.

Copyright © 2017 Maral FM