Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте эң ири калкты тейлөө борбору ачылды

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1984 | 0

Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте эң ири калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Калкты тейлөө борбору Бишкектеги «Эльдорадо» соода түйүнүндө жайгашкан. Ал мекемеде ишкерлерди тейлөө борбору да болот.

Борборду ачуу аземине премьер-министр Улукбек Марипов катышты. Мекеме эми жумасына 6 күн иштейт.

«Борбор заманбап, учурдун талабына жооп берет. Мындан тышкары бир топ райондордо да борборлор ачылмакчы. Учурда даярдыктар жүрүп жатат. Мунун баары кезектерди жоюу, кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүү багытында жасалууда. Калкты тейлөө борборлору эми 6 күн иштейт. Бул да болсо эл үчүн жардам болот деп ойлойм», — дейт өкмөт башчы.

Ал белгилегендей, өлкөнү санариптештирүү багытында жасалып жаткан иштер улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM