Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Бакытжан Сагинтаев Президенттик Администрацияга башчы болду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 604 | 0

Казакстанда Бакытжан Сагинтаев Президенттик Администрациянын башчысы болуп дайындалды. Мындай жарлыкка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев 24-мартта кол койгонун мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлайт.

Бакытжан Сагинтаев буга чейин Мамлекеттик катчы кызматын аркалап келген. Казакстандын премьер-министри болгон. Ал ошондой эле бир катар министрликтерди жетектеген. Өз убагында Павлодар облусунун акими кызматын аркалаган.

Бакытжан Сагинтаевдин ордуна Марат Тажин Мамлекеттик катчы кызматына дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM