Биз менен байланышыңыз

Мухаммедкалый Абылгазиев Сауд Аравия Королу менен жолугушту

Кыска кабар | 25 Мар 2019 | 525 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эр-Рияд шаарында Сауд Аравия Королу Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү бүгүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызматташуунун актуалдуу, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык тармактардагы маселелерин талкуулашты. Премьер-министр айрыкча белгилегендей, Сауд Аравия Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү жана анын тышкы саясатында өзгөчө орду бар.

«Бул күндөрү биздин өлкөнүн жарандары ажылыкка келишип, эки ыйык жерди кыдырышууда. Ошону менен бирге Сауд Аравиядан келген туристтердин санынын жыл сайын өсүүсү кубандырат, алар үчүн эшигибиз дайыма ачык», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев өз ара мамиленин маанилүү багыттарынын бири катары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо экендигин айтты. Өлкөлөр экономикалык кызматташтык потенциалын толук кандуу пайдаланбай келишкенин Абылгазиев сөзүндө билдирди.

Өз кезегинде Сауд Аравия Королу белгилегендей, өлкөлөр ортосунда достук мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүү маанилүү болуп саналат. Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд эки тараптуу кызматташууну өркүндөтүү үчүн көтөрүлгөн демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары Король эл аралык уюмдардын алкагында өз ара мамиленин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, келечектүү кызматташуунун зор маанилүүлүгүн баса көрсөттү. Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд соода-экономикалык чөйрөдөгү алакаларды өнүктүрүү артыкчылыгын колдоп, жооптуу мамлекеттик органдарга өз ара кызыкчылыктар маселелерин илгерилетүүнү камсыздоону тапшырды.

«Эки өлкөнүн мамлекеттик органдары бул маселе боюнча тыгыз кызматташууга тийиш. Инвестициялык кызматташууну бекемдөө үчүн мен тиешелүү тапшырмаларды берем. Мусулман коомчулугунда болуп жаткан маселелерди биз ар дайым колдоого тийишпиз. Биз боордош өлкөлөрдөн болуп саналабыз», — деп баса белгиледи Салман ибн Абдул-Азиз Аль Сауд.

Ал ошондой эле «Camel Fest» эл аралык этнофестивалын ийгиликтүү өткөрүүдөгү кыргыз тараптын зор салымын белгиледи.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы биргелешкен өз ара аракеттерди мындан ары карай тереңдетүүгө өз ара даяр экендигин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM