Биз менен байланышыңыз

Азамат Жаманкулов Эр Рияддагы ооруканада жаткан Асланайымдан кабар алды

Кыска кабар | 24 Мар 2019 | 541 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Эр — Рияд шаарындагы ооруканада жаткан жаачы Асланайым Ашырованын ал абалы менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда министр Өкмөт башчынын атынан салам айтып, сакайып кетишин каалады.

«Биз Сиздин тезинин сакайып кетишиңизге тилектешпиз. Сиздин оюндар учурунда кырсыктаганынызды угуп, кайгыруу менен кабыл алдык. Сизге бекем ден- соолук жана куч кубат каалайм»- деди министр.

Эске салсак, Асланайым Ашырова Сауд Аравиянын Эр- Рияд шаарында “Camel fest” фестивалынын алкагында «Көчмөндөр ааламы» маданият фестивалына катышуга барып, бутун кырсыктатып алган.

Учурда ал алдыкы ооруканалардын биринде зарыл болгон медициналык жардамдарды алып жатат.

Асланайымдын абалы туруктуу. Араб адистеринин айтымында, операциядан кийин кайрадан цирк аянтына кайта алат.

Copyright © 2017 Maral FM