Биз менен байланышыңыз

Асланайымга жасалган операция ийгиликтүү болду

Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 1883 | 0

“Көчмөндөр ааламына” барып бутунан жаракат алган Асланайым Ашировага бүгүн, 11-мартта, ийгиликтүү операция жасалды. Бул тууралуу  Дүйнөлүк этно-оюндар конфедерациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Операция Эр-Рияд шаарындагы King Saud Medical City клиникасында кыйынчылыксыз, ийгиликтүү өттү.

Араб дарыгерлеринин билдирүүсү боюнча Асланайым дарылануудан соң спортко кайтып, спорттогу ийгиликтерин кайра уланта алат.

Учурда спортчу дарыгерлердин жана уюштуруучулардын көзөмөлүндө турат.

Copyright © 2017 Maral FM